Мерген Турган: "Мага Эл артисти наамын бербегендер уялсын"

Эл артисти наамына бардык жактан татыктуумун, аны мага бербегендер уялсын. Мындай пикирин Германия өлкөсүндө иштеп, жашап жүргөн ырчы Мерген Турган SUPER.KG порталына маек куруп жатып билдирди.

"Убагында "Эл артисти наамын сурагандан уялып калдым” дегем. Азыр уялбайм, бербегендер уялсын. Башка өлкөнүн мен сыяктуу ырчылары эркелеп, “Эл артисти” гана эмес андан жогорку наамдарды да алып жүрөт. Чачымдын узун-кыскасына, көзүмдүн карасына, көгүнө карап эле бербей жатышат го деп да ойлом коём. Убакыт көрсөтөт да эми, албетте наамды алгым келет, үмүтүм дагы деле бар. Тегерегиңдеги адамдар бир наамдын ээси болбосоң үстүңөн карашат. Сени баалабай, көтөрмөлөбөй, үстүңөн басып жаткан учурда бул сөздү айтууга туура келип жатат. Бул мактанчаактыкка жатса, анда кечирим сурайм. Бирок мен "Кыргыз Эл артистине" бардык жактан татыктуумун деп ойлойм.

Бул жактагы диаспорабыз мени Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамына көрсөтөбүз деп элчиликке нота жибериптир. Жакшы жооп болот деп үмүттөнүп жатам", - дейт Мерген Турган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан