"Төртөө алтын". Балбандар Түркияда өткөн мелдештен 18 медаль менен кайтышты

Өлкөнүн күрөш боюнча улуттук курама командасы байгелүү орундарга ээ болушту. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өспүрүмдөр курама командасы Түркиянын Анталия шаарында өткөн "Victory Cup 2024" эл аралык мелдешинде 4 алтын, 3 күмүш жана 11 коло медалга ээ болду.
"Эркин күрөш боюнча Садыр Кайыпбеков жана Асан Өмүрбек уулу алтын медалга татыды. Жакшылык Боробаев, Курсанбек Исаков, Айбек Эралиев, Марлен Абдраимов жана Адыл Табылдыев 3-орунду ээлешти.
Грек-рим күрөшү боюнча Нурмухамед Карагулов, Марлен Абдысаматов күмүш медалга, Ислам Темирбеков жана Акылбек Элжан уулу коло медалга ээ болушту", - деп жазылат анда.
Ал эми кыз-келиндер арасында Айжаркын Жаныбекова жана Акылай Чыныбаева алтын медаль алышты.
Азиза Шумкарова күмүш медалга ээ болуп, Айдеми Асанказиева, Асел Токтосун кызы, Асел Жапарова жана Меруерт Октябрева 3-орунду алышканы кабарланат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан