Нурзат Токтосунова: "Менин бир эле сөзүм резонанс жаратып жатса, "Сен бар экенсин, Нурзат!"

Тойлордо салаватты мен айтпасам деле башкалар айтат. Бул тууралуу алпаруучу Нурзат Токтосунова SUPER.KG порталына маек куруп жатып билдирди.

Жакында эле ал кыз узатуу тойдо кыздарга салават айттырып, коомчулуктун катуу сынына кабылган эле. Бул маселеде ал коомчулуктун сынын кандай кабыл алды жана тойдо эмне үчүн салават айттырганын түшүндүрүп өттү.

"Ал той кандай болгонун эч ким деле билгиси келген жок. Биринчиден ал тойдо бир дагы эркек киши жок эле. Жадагалса фотограф дагы жок болчу. Экинчиден тойлордо англисче, түркчө деле ырдап атышат, кыргыздар орусча той өткөргөнүн деле көрүп жүрөм. Эми ал той ээсинин табитине жараша. Кааласа англисче, кааласа кыргызча ырдатат, кааласа салават айттырат.

Бирок Нурзат салават айттырса эле бүт тойдун баары салават айтып кетет экен дегендей кабыл алышты. Бул мага тескерисинче жагымдуу болду окшойт. Менин бир эле сөзүм, бир эле ишим резонанс жаратып жатса, "Сен бар экенсин, Нурзат!" деп койдум", - деди ал.

Кененирээк SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр.

Эске салсак, Нурзат Токтосунова 26-февралда алгачкы жолу антрактсыз, бийсиз той алып барганын жарыя кылган. Ошондой эле "Нур кыздар" салават группасын ачканын, мындан ары алар тойлордо "салават" айтарын кошумчалаган.

Алып баруучунун кыз узатууда салават айтуу демилгеси сынга кабылган. Социалдык тармактын колдоонуучулары Нурзат Токтосунова арабдардын идеологиясын, салтын алып келип, кыргыздын тарыхын, салтын жана маданиятын талкалап жатканын айтышкан.

Токтосунова өзүн сындагандарга жооп берип, бирөөнү жамандагандан көрө ар бир жаранды өлкөнү көтөрүүгө, улуттук баалуулуктарды жайылтууга чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан