Чолпон-Ата шаарында 4-май күнү эл аралык Ысык-Көл "Run the Silk Road" марафону өтөт. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.
Маалымдалгандай, жарышка ШКУга мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы жөө күлүктөрү, жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү жана бардык каалоочулар катыша алат. Марафондун катышуучулары 42,2, 21,1, 10, 3 чыкырым аралыкка чуркоо жана скандинавиялык басуу боюнча жарышат.