Айпери Медет кызы дүйнөлүк рейтингде биринчи орунга көтөрүлдү  

Кыргыз балбан кызы Айпери Медет кызы Түркияда өткөн "Яшар Догу" эл аралык турниринен кийин дүйнөлүк рейтингде 76 килограмм салмак категориясында биринчи орунга көтөрүлдү. Мындай маалымат Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) расмий сайтына жарыяланды.

Балбан кыз жалпы 50 миң упайы менен биринчиге жайгашты. Экинчи орунга америкалык Аделин Мария Грин 47 миң 700 упайы менен жайгашса, үчүнчүнү 45 миң упайы менен япониялык Юка Кагами ээледи.

Белгилей кетсек, Түркиянын Анталья шаарында өткөн күрөш боюнча Yasar Dogu & Vehbi Emre-2024 аталышындагы эл аралык мелдеште Айпери Медет кызы 76 килограммга чейинкилер арасында күч сынашып, алтын байге уткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан