"Быйыл өтө турган юбилейлер көп" дейт 38 жашка толгон Асел Шалтаева

Бүгүн, 16-мартта “Министрдин кызынын махабаты”, “Дудук кыз” тасмаларында баш каармандын ролун аткарып, актриса катары таанылган Асел Шалтаева 38 жашка толду.

"Туулган күнүмдү жакындарым менен белгилейм. Жыл өткөн сайын шаан-шөөкөттү жактырбай калат экенсиң. Быйыл белек, куттуктоолор өзгөчө көп, бул эмне менен байланыштуу билбейм. Айтор бүгүнкү күн өзгөчө болуп жатат. Эң кымбат белегим балдарымдын белеги. Эртең менен маанайымды көтөрүп тамак жасап, 10 сомдон акча чогултуп белек алып беришти.

Чыгармачылыгымда жаңылык көп. Былтыр Айгүл Жапарованын колдоосу менен "Ромео Жульетта" спектаклин койсок, быйыл президенттин колдоосу менен балдар үчүн "Ак илбирс" деген чоң спектаклды тартуулайбыз. Кайненемдин 85, кайнатамдын 90, “Тунгуч” жаштар театрынын 35 жылдыгын белгилейбиз. Быйыл өтө турган юбилейлер көп", - дейт актриса.

Асел Шалтаева 1986-жылы 16-мартта Чүй облусуна караштуу Кемин районунда жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөлүк кырдаалга байланыштуу балалыгы Нарын облусунун Ат-Башы районунда өткөн. Ал Бишкек шаарындагы №52-мектепте 9-класска чейин окуган. Андан кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде режиссёрлук боюнча билим алган.

Үй-бүлөлүү, 1 уул, 1 кыздын мээримдүү апасы. Кыргыз эл артисти, белгилүү актриса Жамал Сейдакматованын келини.

16-мартка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан