Кыргызстандын каратэ-до сётокан боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Нью-Йорк шаарында өткөн EGN INTERNATIONAL KARATE NEW-YORK OPEN 2024 эл аралык мелдешинде 12 медаль жеңди.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиргендей, анын алтоо алтын, үчөө күмүш жана үчөө коло медаль.
Мелдешке 11 мамлекеттен келген 700дөн ашык спортчу катышты.