Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын юашкы машыктыруучусу Штефан Тарковичтин атасы каза болду. Мындай маалыматты Кыргыз футбол союзу тастыктады.
Тарковичтин атасы узакка созулган оорудан улам кечээ, 16-мартта каза болгон.
Машыктыруучу алдыдагы оюндарга карата даярдык көрүү үчүн улуттук курама менен Кытайлык Тайбэйде окуу-машыгуу жыйынында жүргөн.
Башкы машыктыруучу алдыдагы оюндарга катышабы же жокпу азырынча белгисиз.