"Калпак кийип". Атактуу түркиялык ашпозчу Бурак Өздемир Кыргызстанга келди

Түркиялык белгилүү ашпозчу Бурак Өздемир Кыргызстанга келди. Бул тууралуу ашпозчу Инстаграм баракчасы аркылуу билдирип, сүрөт, видеолор менен бөлүштү.

Видеодон ал калпак кийип, аны жагымдуу маанайда тосуп алышканын көрүүгө болот.

Белгилүү болгондой, Бурак Өздемир ар дайым жылмайып тамак жасаганы менен башка ашпозчулардан айырмаланып турат.

Буга чейин анын кайрымдуулук фондунун чакыруусу менен 18-19-март күндөрү Кыргызстанга биринчи жолу келери маалым болгон. Ал кайрымдуулук фонд жыл сайын уюштурган “Рамазан чатыры” коомдук-кайрымдуулук долбооруна катышууга чакырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан