Көк бөрү федерациясы финалдык оюндарга билет арзандаганын айтты

Нооруз майрамына карата өтүп жаткан көк бөрү боюнча турнирдин жарым финал, финалдык оюндарга карата билет баасы арзандады. Бул тууралуу көк бөрү федерациясы билдирди.

Буга чейин Жогорку Лиганын оюндарына билет баасы 800 сом болуп кеткенин айткан эл социалдык тармактар аркылуу нааразычылыгын билдирген. Мындан улам федерациянын вице-президенти Жылдызбек Музуратбеков kassir.kg компаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшүү жүргүздү.

"Тараптардын бири-бири менен түшүнүшүүсү менен kassir.kg компаниясынын Башкы мүдүрү билет бааларын 500 сомдон ашырбоосуна макул болду.

Бардыгыңыздарга жагымдуу көрүү каалап, өз командаңызды “Ак-Кула” ат майданына келип чогу сүрөөгө чакырабыз", - деп билдиришти федерациядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан