Бишкектин тургунан опузалап акча алган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү жергиликтүү тургундан опузалап акча алгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-мартта жергиликтүү тургундан опузалап акча талап кылып жаткан 1990-жылы туулган С.А. аттуу жаран кармалды. Ал уюшкан кылмыштын активдүү мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турат.

Кылмышкер 16-мартта Бишкек шаарында ыкчам-издөө иш-чаралары учурунда кармалган. Ал Кыргыз Республикасынын КЖКнин 208-беренесинде (опузалап талап кылуу) каралган кылмышты жасагандыгы үчүн издөөдө болгон.

"Шектүү С.А. январь айынан бери Бишкек шаарынын тургунунан акча талап кылган. Ал жабырлануучунун карызы жөнүндө билип алып, үйүнө келип физикалык кысым көрсөтүп, коркутуп акча талап кыла баштаган. Ошентип опузалап 65 миң сом алган. Бирок опузалоону токтотпой дагы 100 миң сом талап кылып, анын 30 миң сомун алып жатканда кармалган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан