Бишкекте эл аралык издөөдө жүргөн чет өлкөнүн жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыр февраль айында Орусиянын укук коргоо органдары Ф,Т. аттуу жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренеси (Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз өтүү) боюнча издөө жарыялаган.
Шектүү 18-мартта борбор калаага орнотулган видеобайкоо камераларынын жардамы менен кармалды.