Өлкөдө 1-майдан тарта электр энергиясы кымбаттайт

1-майдан тарта электр энергиясына болгон тарифти 10,8 пайызга көтөрүү пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта Энергетика министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, министрлик "2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн тиешелүү документтин долбоорун коомдук талкууга чыгарган.
Андагы тарифтик саясат боюнча жыл сайын электр энергиясынын тарифи өткөн жылдагы инфляцияны эске алуу менен такталат.
"Демек, 1-майдан тартып бардык акыркы керектөөчүлөрү үчүн электр энергиясынын тарифтери өткөн жылдагы иш жүзүндөгү инфляциянын деңгээлине түзөтүлүп, 10,8 пайызга жогорулашы күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан