"Мен үчүн белек маанилүү эмес". Ырчы Асел Кадырбекова 33 жашка толду 

Бүгүн, 19-мартта ырчы, алып баруучу Асел Кадырбекова 33 жашка толду. Ал быйыл туулган күнүн үй-бүлөсү менен чакан чөйрөдө тосот. Бул тууралуу SUPER.KG порталы ырчы айымды туулган күнү менен куттуктап байланышканда айтты.

"Негизи жылдыз белгиси балыктардын көпчүлүгү туулган күнүн белгилешпейт экен, алардын мүнөзү ушундай. Бизге көбүрөөк үй-бүлө менен майрамдаган жагат окшойт. Мен дагы бул ирет үй-бүлөм менен эле тосом. Негизи такыр эле белгилебейм деп жаттым эле, инстаграм баракчама дагы киргизген жокмун. Бирок куттуктоолор келип жатат.

Бардык туулган күнүң эсиңде калат. Биринчиден бул башкача сезимдерди калтырган бактылуу көз ирмем. Мурда чоңоюп жатам деп сүйүнчүмүн, азыр болсо картайып жатам дейт экенсиң. Бирок ушул 33 жашка жеткениме Кудайга шүгүр айтам", - дейт Кадырбекова.

Ошондой эле ырчы айым белек өтө деле маанилүү эмес экенин кошумчалады.

"Мен белекке көп деле маани бербейм. Менин оюмча эң негизгиси бул адамдын сага болгон жылуу мамилеси. Бирок эстеп чалып жаткандарына кубанып жатам. Бул да болсо көңүл", - деди ал.

Белгилей кетсек, Асел Кадырбекованын "Өмүр белек", "Апакем", "Кечикпе", "Жаз", "Жаныңда болсо дейм" жана башка чыгармалары бар. Ошондой эле ал учурда КТРК музыка каналындагы "Агент Кадырбекова" долбоорун алып барып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан