"Эң биринчилерден болуп бир туугандарым куттуктады". Ырчы Алтынбек Борошов 38 жашка чыкты

Бүгүн, 20-мартта ырчы Алтынбек Борошов 38 жашка толду. Ал таң эрте ооз бекитүү убактысында туулган күнүн биринчилерден болуп бир туугандары куттуктаганын айтты. Бул тууралуу SUPER.KG порталы ырчы мырзаны туулган күнү менен куттуктап байланышканда айтты.

"Быйылкы жылы туулган күнүмдү үй-бүлөм менен эле өткөрсөмбү деп ойлоп жатам. Көрөбүз го балким, пландарым өзгөрүлүп кетет. Ооз бекитүүгө турганда эң биринчилерден болуп бир туугандарым, келинчегим жана досторум куттуктады", - дейт Борошов.

Ырчы Алтынбек Борошов 1986-жылы 20-мартта Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунун Шекафтар шаарчасында жарык дүйнөгө келген. Ал Чаткал районунун Шекафтар шаарчасындагы Ю.А.Гагарин орто мектебин бүтүргөн. Ал эми 2009-жылы ОшМУнун искусство факультетинин эстрада бөлүмүн аяктаган.

Ырчы мырза "Тилегим ай", "Ыйладың неге?", "Баткендик кыз" аттуу ырлары менен эл көзүнө көрүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан