Свердлов райондук сотунун судьясы 12 миң доллар пара менен кармалды (фото)

Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-мартта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК 20-мартта Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Свердлов райондук сотунун судьясы К.А.К. жана ортомчу болуп иштеген жактоочу Г.М.В. айыпталуучулардан 12 миң доллар опузалап пара талап кылгандыгы аныктаган.

Атайын кызмат кармалган судья жактоочу менен жашыруун видеокөзөмөл камералары жок, тагыраагы өзүнүн дааратканасында жолугушуу өткөргөндүгүн, ал жерде соттук актыларды алардын пайдасына оң чыгаргандыгы үчүн айрым айыпталуучулардан алган акчаларды өз ара бөлүштүргөндүгүн тактаган.

Мындан улам К.А.К. Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Биринчи май райондук сотунун токтому менен 20-майга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Буга чейин Свердлов райондук сотунун судьясы Алма Кадыркулова 1 000 доллар пара алып жаткан жеринен кармалганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан