Кичинекей балдар балбан кыз Айсулуу Тыныбековага жарамазан айтып, “чемпион болуңуз” деп батасын беришти. Жарамазан учурундагы видеону Тыныбекова социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү.
Анда топ балдар балбан кызга жарамазан айтып келип, бата тилешкен.
"Батам, батам батпасын, батам жерде калбасын. Балдарыңыздын жакшылыгын көрүп, небере-чөбөрөлүү болуңуз. Чемпион болуңуз”, - деп бата айтышкан.