Бүгүн, 21-мартта Нооруз майрамына карата өтүп жаткан көк бөрү боюнча турнирде Жогорку Лигада Таластын "Ынтымак" командасы чемпион болду.
Финалда "Ынтымак" командасы Оштун "Достук" командасы менен кез келип, 3:2 эсебинде жеңип алды.
Буга чейин ушул эле эки команда тайпалык баскычта кез келишкен. Анда "Достук" командасы булиттер сериясында жеңишке жеткен.