Облустарда Нооруз майрамы кандай белгиленди? (сүрөт)


Бүгүн, 21-март - Нооруз майрамы облус борборлорунда салтанаттуу белгиленди.

Ага ылайык, Жалал-Абадда Нооруз майрамы облустук Барпы театрында өттү.

Саамалыкка президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тургундар катышты.

Облус башчысы жана ӨКМ министри Бообек Ажыкеев кирип келген Нооруз майрамы менен жалпы тургундарды куттуктап, облус элине бакубатчылык, өсүп-өнүгүү каалашты.

Нооруз майрамындагы салтанат улуттук оюн-зоок, концерттик программа жана көргөзмө жарманке менен коштолду.

Ал эми Нарын шаарында Нооруз майрамы салтанаттуу түрдө Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтта өттү.

Жергиликтүү тургундарды Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев, Энергетика министри Таалайбек Ибраев, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров куттуктады.

Иш-чара жергиликтүү маданият кызматкерлеринин концерти менен жыйынтыкталды.

Мындан тышкары Баткенде да Нооруз майрамы чоң салтанат менен белгиленди.
Анда майрамдык иш-чара Баткен шаарынын борбордук стадионунда сүмөлөк ачуу аземи менен башталды.

Салтанатка президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Коргоо министри Бактыбек Бекболотов, Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова жана жергиликтүү жетекчилер, аксакал аталар, кадырлуу апалар сүмөлөк ачып, кыргыз элине тынчтык, аманчылык, өнүгүү каалап, бата кылышты.

Мындан тышкары иш-чарага Өзбекстандын Сох жана Рыштан райондорунан да коноктор келишти.

Майрам концерттик программа менен улантылды.

Ошондой эле Ысык-Көл облусунда да бүгүнкү майрам Каракол шаарында шаңдуу өттү.


Майрамдык иш-чарага Министрлер кабинетинин биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев жана башка жетекчилер катышып, облус тургундарын Нооруз майрамы менен куттуктап ийгиликтерди, молчулукту жана бейкутчулук каалашты.


Ал эми Ош шаарында да Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленип, иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан