"Ак шумкарлардын" футболчусу өзүнүн дарбазасынан бери чуркап келип гол киргизди (видео)

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын чабуулчусу Кай Мерк Кыргызстан-Кытай Тайбэйи беттешинде өзүнүн айып аянтчасынан каршылаштардын дарбазасына чейин чуркап барып гол киргизди.

Бүгүн, 21-мартта өткөн беттеште Кыргыз курамасы 2:0 эсебинде жеңишке жетти. Биринчи голду капитан Валерий Кичин пенальтиден киргизсе, экинчи голду Кай Мерк жаратты.

Кай Мерк экинчи бөлүктө алмашууга чыкты. Беттештин 80-мүнөтүндө чабуулчу атаандашынын чабуулун үзүп, өзүнүн айып аянтчасында топту тосуп алып, эки коргоочуну алдап өтүп, алыскы бурчка таамай сокку узатты.

Бул жеңиши менен Кыргыз курамасы "D" тайпасында биринчи орунга көтөрүлдү.

Кийинки беттешин "Ак шумкарлар" 26-мартта ушул эле командага каршы өткөрөт. Оюн Бишкек шаарында өтөт.

Кай Мерктин голу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан