Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Дүйнө чемпиондугунда тандоонун үчүнчү турунун алкагындагы тайпалык оюндарда 6 упайы менен өз тайпасында экинчи орунга жайгашты.
Кечээ, 21-мартта Кыргыз курамасы кытайлык Тайбэйди 2:0 эсебинде утуп, тайпада 6 упайы менен биринчи орунга көтөрүлгөн.
Бүгүн, 22-мартка караган түнү биздин тайпадагы Малайзия менен Оман беттешип, Оман 2:0 эсебинде жеңишке жетти. Жыйынтыгында Оман дагы 6 упай топтоп, тайпада биринчи орунга көтөрүлдү.
Кийинки беттешин "Ак шумкарлар" 26-мартта ушул эле командага каршы өткөрөт. Оюн Бишкек шаарында өтөт.