25-марттан 28-апрелге чейин Бишкекте жана Ошто спорттун 16 түрү боюнча жогорку окуу жайлар арасында чемпиондук өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалымдалгандай, спорттук иш-чаранын негизги максаты дене тарбия жана спортту студенттердин күнүмдүк турмушуна киргизүү, республикалык жана эл аралык мелдештерге катышуу үчүн күчтүү спортчуларды аныктоо.
Ага ылайык, чемпиондук спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча өтүлөт:
- баскетбол;
- тогуз коргоол;
- стол теннис;
- шахмат;
- бокс;
- кыргыз күрөш;
- дзюдо;
- оор атлетика;
- самбо;
- футзал;
- сууда сүзүү;
- ордо;
- жеңил атлетика;
- эркин күрөш;
- грек-рим күрөшү;
- кыз-келиндер күрөшү.