Кечээ, 21-мартта аяктаган Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча турнирде Нарындын "Намыс" командасы Биринчи Лигада чемпион болду.
Финалда "Намыс" командасы Таластын "Кара-Кулжа" командасы менен кез келип, 3:0 эсебинде жеңишке жетти. Бул жеңиши менен "Намыс" командасы Жогорку Лигага жолдомо алды.
Оюндан кийин "Намыс" командасынын улакчысы Алымбек Кедейбеков жеиштен кийин эмоциясы ичине батпай жатканын айтып, күйөрмандарга ыраазычылыгын билдирди.
"Кара-Кулжа" командасы Биринчи Лиганын эң күчтүү командасы болчу. Оомат, күч биз тарапта экен, жекеме-жекеде аттарыбыз күчтүү болуп чыкты. Аттарыбыздын, жигиттерибиздин күчүнө таянып, баарыбыз бир муштумдай болуп, "Кара-Кулжа" командасын утуп алдык. Аттарыбыз эң башкысы алды.
Нарын буга чейин Биринчи Лиганын чемпиону болгон эмеспиз. Ушул эмоция чындыгында ичке батпай жатат", - деди ал.