"Крокустагы" кол салуу: Каза болгондордун саны 115 адамга жетти

Москвадагы "Крокус Сити Холлдогу" терактан каза болгондордун саны 115 адамга жетти. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Орусиянын Тергөө комитетинен билдирди.

Маалыматтарга караганда, кол салуудан каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн. Соңку маалыматтарга караганда, учурда жабыркагандардын саны 121 киши болсо, алардын 107си ооруканага жаткырылган. Арасында жаш балдар да бар.

Буга чейин бул кандуу окуянын кесепетинен үч жаш бала каза болгону кабарланган.

Алдын ала маалыматтарда, каза тапкандарга ок тийген жана өрттөн чыккан ышка ууланышкан.

Эске салсак, аталган концерттик залындагы теракт 22-мартта орун алган. Маалым болгондой, окуя "Пикник" тобунун концерти өтүп жаткан учурда болгон. Анда белгисиз адамдар ок чыгарышкан. Имаратта жарылуу болуп, өрт чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан