Дүйнөдөгү эң бийик мунара Орусиянын желегинин өңүнө боёлду (видео)

Дүйнөдөгү эң бийик Бурж Халифа мунарасы Орусиянын желегинин түсүнө боёлду. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматтарга караганда, Дубайдагы асман тиреген мунара Крокус Сити Холлдо орун алган теракттын курмандыктарын эскерүү үчүн жарыктандырылды.

"Ишемби күнү кечинде Бириккен Араб Эмираттары кандуу окуянын курмандыктарын эскерүү үчүн тилектештигин билдирип, өзүнүн эң көрүнүктүү жерлерин Орусиянын желегинин түсүнө боёду. Алсак, дүйнөдөгү эң бийик мунара Бурж-Халифадан тартып Бурдж Аль Араб мейманканасы, Абу-Даби жана Аль-Дафра муниципалитети, ADNEC улуттук көргөзмө борборунун штаб-квартирасы, Халифа университети, Шейх Заид көпүрөсү жана башка аттракциондор туунун өңүнө өзгөртүлдү", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 22-март күнү кечинде Москванын жанындагы Красногорск шаарындагы "Крокус сити холл" залында концерт алдында ок атуу болуп, өрт чыккан. Анда белгисиз бир нече адам кирип келип, адамдарды көздөй ок чыгарган. Жыйынтыгында жүздөн ашык адам каза таап, арасында жаш балдар да болгон.

Мындан улам Орусиянын президенти Владимир Путин 24-мартты улуттук аза күтүү күнү деп жарыялады.

Дүйнөдөгү эң бийик мунара Орусиянын желегинин өңүнө боёлду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан