Бишкекте кыз-келиндер арасында хоккей боюнча Азия жана Океания кубогу башталды

Кечээ, 24-мартта кыз-келиндер арасында шайба менен ойнолуучу хоккей боюнча Азия жана Океания кубогу старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Ага ылайык, ачылыш аземге Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов, Спорттун Олимпиадалык түрлөрү жана спорттун массалык иш-чараларын өткөрүү боюнча “Жаштык” дирекциясынын директору Урмат Асанбаев жана хоккей федерациясынын өкүлдөрү катышты.
Белгилей кетсек, мелдеште Кыргызстан, Иран, Индия, Бириккен Араб Эмирлиги жана Филиппин өлкөлөрүнүн командалары күч сынашат.
Кыз-келиндер арасында хоккей боюнча Азия жана Океания кубогу Кыргызстанда биринчи жолу өтүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан