Жүздөгөн адамдын өмүрүн сактаган Ислам Орусиянын алдыңкы каналдарына интервью берди (видео)

“Крокустагы” кандуу окуяда 100дөн ашуун адамды куткарган кыргызстандык өспүрүм Ислам Халилов Орусиянын алдыңкы телеканалдарына интервью берди.

Анын айтымында, эгерде ал бул көрүнүшкө көз жумуп койгондо өзүнүн да, жүздөгөн адамдын да өмүрүн сактап кала алмак эмес.

"Мен инструктаж боюнча колумдан келгенин жасадым. Эгерде мен бул жагдайга көз жумуп койгонумда өзүмдүн да, жүздөгөн адамдардын да өмүрүн сактап кала албайт болчумун. Ошол себептен имараттан адамдарды максималдуу түрдө, бат-баттан алып чыгып кетүүгө аракет кылдым. Мен ал видеону өзүм үчүн тарткам. Мен да шок абалда болдум. Ошол себептен кийин көрүү үчүн тарткан элем. Бирок досторум ал видеону бардык жактарга чыгарып жиберишиптир", - деди ал.

Ошондой эле ал топтолгон адамдарды көрүп, жардыруу болуп кетеби деп корккондугун айтты.

"Мен топтолгон адамдарды көрүп, жардыруу болуп кетеби деп аябай корктум. Ата-энем мен бул көрүнүштүн баарын көргөнүм үчүн аябай кабатыр болушту.

Мен ал жерде бир күн эмес, бир ай эмес, бир жылдан бери иштейм. Мен үчүн бул кандуу окуя жума күнү болгону өкүндүрөт", - деп кошумчалады Ислам.

Бул кылган эрдиги үчүн Ислам Халилов Орусиянын муфтийи Равиль Гайнутдин сыйлыгына татыды. Равиль Гайнутдин өспүрүмгө Орусиянын мусулмандарынын “Эмгектеги эмгеги үчүн” медалын келе жаткан жумада тапшырат.

Мындан тышкары, Орусиялык ырчы Алишер Моргенштерн өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Исламга 1 миллион рубль сыйлык бергенин жарыялады.

Эске салсак, Моквадагы "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы теракт 22-марттын кечинде орун алган.

Жүздөгөн адамдын өмүрүн сактаган Ислам Орусиянын алдыңкы каналдарына интервью берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан