"Крокустагы" теракт: Кармалган террорчулар кимдер жана алар тууралуу эмнелер белгилүү?

Кечээ, 24-мартта Москванын Басманный райондук соту "Crocus City Hall" борборундагы теракт боюнча төрт айыпталуучуну камакка алды. Соттун маалыматы боюнча, кармалгандардын баары Тажикстандын жарандары.

Далержон Мирзоев, Саидакрами Рачабализода, Мухаммадсобир Файзов жана Фаридуни Шамсиддин терроризмге айыпталып, 22-майга чейин камакка алынды. "Медуза" басылмасы алар күнөөлөрүн толугу менен моюндарына алышканын жазды.

Калган жети шектүү ким экени жана алардын азыр кайда экени белгисиз. Москванын үрөйүн учурган окуяга шектүү кимдер жана алар тууралуу эмнелер белгилүү экенин карап көрдүк.

Далержон Мирзоев - соттук отурумда терактка шектүү Далержон Мирзоев 32 жашта экени белгилүү болду. Анын 2018 жана 2017-жылы төрөлгөн балдары жана бир жарым жаштагы эгиздери бар. Ал Новосибирск шаарында үч айлык мөөнөткө убактылуу каттоодо турган, мөөнөтү бүткөн.

Сотто ал Мухаммед менен (сотто бул теракттын дагы бир уюштуруучусу Мухаммадсобир Файзов экени белгилүү болду) Дмитровское шоссесинде бир айга жакын жатаканада жашаганын айтты. Ал ошондой эле 10-12 күн мурун Telegram аркылуу бир Абдулло аттуу адам менен таанышканын, ал ага туугандарынан таксист болуп иштөө үчүн унаа сатып алууга жардам бергенин айтты.

“Важные истории” басылмасы жазгандай, сөз Москвадагы теракттын уюштуруучусу болушу мүмкүн болгон Абдулло Буриев тууралуу болуп жатат. Ал ИГИЛдин Ооганстандагы бөлүмүнүн куратору катары белгилүү.

Саидакрами Рачабализода - Рачабализода сотто котормочу аркылуу сүйлөдү. Ал 30 жашта экенин, аялы жана баласы бар экенин, Орусияда каттоодо турганын, бирок ал жерди эстей албай турганын билдирген. Учурда ал жумушсуз жана билими жок.

Сурак учурундагы видеотасмада ал башы таңылган жана кандуу кийимчен көрүнөт. Коопсуздук кызматкери кол салгандар куралын кайда ыргытканын, Москва облусундабы же чек арага жакынбы деген суроону берет. Ал "Муну досторум" кылган деп жооп берет. Кийинчерээк ал кол салгандар кармалганга чейин куралдарын алып кетишкенин тактады.

Фаридуни Шамсидин - ал үй-бүлөлүү, баласы сегиз айлык. Шамсидин Красногорск шаарында каттоодо туруп, Подольскиде иштеп жүргөнүн соттон айткан. Социалдык тармактарга тараган видеодо ал 4-мартта Түркиядан келгенин, ал жактан документтерин жаңыртуу үчүн чек арадан өткөнүн айткан. Күч органдары "Крокус Сити Холлдо" эмне кылганын сураганда, ал: "Мен адамдарды акча үчүн аттым", - деп жооп берген.

Анын айтымында, ага 500 миң рубль убада кылынган, анын жарымы алдын ала банк картасына которулган. Ошондой эле ал терракттын уюштуруучулары менен телеграмм аркылуу сүйлөшүп, буйрукту дагы ушул мессенжер аркылуу алып турганын айткан.

Мухаммадсобир Файзов - Файзовду сот залына дарыгерлердин коштоосунда майыптар коляскасында медициналык кийимчен, катетер жана заара баштыгы менен алып келишкен. Айыпталуучу сотто абдан акырын сүйлөп, кекечтенген. Ал 19 жашта, бойдок, билими орто. Буга чейин ал каттоодо турган Иваново шаарындагы чач тарачта иштеген.

Ал кармоо учурунда жаракат алган. Анын сол көзү жабылбай калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан