Дания, Япония, Сингапур... Дүйнөдөгү эң коопсуз 10 өлкөнү тизмектейбиз

Чет өлкөдө отурукташууну же башка мамлекетке саякаттоону пландагандар эң биринчи коопсуз өлкөлөрдү тандашат. Коопсуз мамлекеттерде кылмыштуулуктун деңгээли төмөн, саясий чөйрөсү туруктуу жана табигый кырсыктардын коркунучу аз болот.

Ал эми андай өлкөлөрдүн тизмесин Экономика жана тынчтык институту (IEP) жыл сайын жарыялап келет. Мындай тизме мамлекеттин аймагындагы куралдуу кагылышуулар, кылмыштуулуктун таралышы жана ага каршы күрөш, дүйнөлүк согуштардын очогунан аймактык алыстыгы жана башка маанилүү критерийлер боюнча ачык маалыматтардын негизинде түзүлөт. Төмөндө дүйнөдөгү эң коопсуз 10 өлкөнү тизмектейбиз.

ИСЛАНДИЯ

Исландия 16-жыл катары менен дүйнөдөгү эң тынч өлкө болуп саналат. Аталган өлкө 2008-жылдан бери бул позициясын сактап келет. Исландия өлкөсү дүйнөдө аскердик чыгымдары жана эл аралык чыр-чатак боюнча эң төмөнкү көрсөткүчкө ээ. Дегени менен 2008-жылдан бери өлкөнүн көрсөткүчү 4 пайызга начарлаган. Эксперттер муну адам өлтүрүү жана терроризм коркунучунун көбөйүшү менен түшүндүрүшөт.

ДАНИЯ

Дания өлкөсү дүйнөдөгү эң коопсуз өлкөлөрдүн тизмесинде экинчи орунда турат. Буга чейин аталган өлкө үчүнчү орунду ээлеп келген. Данияда коррупциянын деңгээли төмөн жана өлкө ресурстардын адилеттүү бөлүштүрүлүшү менен өзгөчөлөнөт. Кызыгы, Дания дүйнөнүн эң бактылуу өлкөлөрүнүн тизмесинде да экинчи орунда турат.

ИРЛАНДИЯ

Ирландия өткөн жылдан бери беш тепкичке алдыга жылып, сегизинчи орундан алдыңкы үчтүккө кирди. Ирландия НАТОго мүчөсү эмес жана башка өлкөлөрдөгү согуштук аракеттерге эч качан катышкан эмес. Ирландия мамлекет болуп түзүлгөндөн бери бардык эл аралык чыр-чатактарга карабастан ар дайым бейтарап позициясын сактап келет жана 70 жылдан ашык убакыттан бери эч кандай агрессивдүү аракеттерге тиешеси жок.

ЖАҢЫ ЗЕЛАНДИЯ

Жаңы Зеландия 2022-жылы коопсуз өлкөлөрдүн тизмесинде экинчи орунда болсо, учурда 4-орунга жайгашты. Жаңы Зеландия Азия-Тынч океан аймагындагы эң коопсуз өлкө болуп саналат жана учурда зордук-зомбулуктуу демонстрациялар, камактагылардын көрсөткүчү боюнча жакшырган.

АВСТРИЯ

Дүйнөдөгү эң коопсуз өлкөлөрдүн тизмесинде 5-орунду Австрия өлкөсү ээлейт. Учурда бир орунга төмөндөсө да, аталган өлкө Европадагы эң коопсуз өлкөлөрдүн бири. Анда террордук же криминалдык коркунучтун ыктымалдуулугу төмөн. Жашоочулары дагы дайыма ак көңүл жана достук мамиле болуп, туристтер үчүн эс алууга сунушталган өлкөлөрдүн катарын толуктайт. Болгону бул өлкөдө негизги коркунуч катары кар көчкү менен башка жаратылыш кубулуштары эсептелет.

СИНГАПУР

Сингапур өлкөсү коопсуз өлкөлөрдүн катарына жаңы кошулган өлкө. Коопсуздук боюнча 4-орунда турат жана жашоо, эс алуу, жумуш боюнча эң ыңгайлуу өлкөлөрдүн сап башында жайгашкан. Аталган өлкө Азия-Тынч океан аймагындагы коопсуздук боюнча экинчи орунду ээлеген мамлекет.

ПОРТУГАЛИЯ

Португалия акыркы жылдарда болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетүүдө. 2014-жылы бул өлкө аталган тизмеде 18-орунда турган. Бүгүнкү күндө Португалия экономикалык жанданууга жетишип, кылмыштуулук боюнча төмөнкү көрсөткүчкө ээ. Былтыркы рейтингден үч тепкичке ылдыйлаганы менен дагы эле алдыңкы 10 орунга кирет.

СЛОВЕНИЯ

Словения саякаттоо, жашоо жана балдарды тарбиялоо үчүн эң сонун өлкө болуп саналат. Буга далил катары өлкөнүн дүйнөлүк коопсуздук рейтингиндеги орду эсептелет. Словения 2020-жылы биринчи жолу алдыңкы эң коопсуз өлкөлөрдүн катарына кирди. Ошондон бери кылмыштуулуктун жана терроризм коркунучунун деңгээли төмөн.

ЯПОНИЯ

Япония дүйнөдөгү эң коопсуз тогузунчу өлкө. Ал коопсуздук боюнча рейтингде Финляндиядан кийин экинчи орунду ээлейт. Адистер 2003-жылга чейин Японияда кылмыштуулук жогорку деңгээлде болгонун айтышат. Бирок 2000-жылдары жүргүзүлгөн милиция реформасынан кийин өлкөдө кылмыштуулуктун деңгээли бир топ азайган.

ШВЕЙЦАРИЯ

Швейцария эң көп курал экспорттогон өлкөлөрдүн катарына киргенине карабастан, дүйнөдөгү эң тынч 10 өлкөнүн тизмесине кирет. Буга аталган өлкөдө кылмыштуулуктун деңгээлинин эң төмөн болушу, ишенимдүү авиакомпаниялар жана жол кырсыктарынын өтө сейрек кездешкени себеп.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан