"Крокустагы" теракт: Такси айдоочусу террорчулардын бирин "Крокустан" алып кеткенин айтты

Москвадагы "Крокус Сити" борборунда теракт жасаганга шектүүлөрдүн бири окуяга чейин такси менен борборго келип кеткен. Бул тууралуу BAZA телеграм каналы укук коргоо органдарына таянуу менен билдирди.

Андагы маалыматка караганда, 23-мартта Москвада такси айдап иштеген чеченстандык жигит полицияга кайрылган. Ал тергөөчүлөргө 7-март күнү саат 19:30 чамасында "Крокус Ситиден" буюрутма алганын, анда террорчу делген адамдардын бири унаасына отурганын айткан. Ал шектүүнү Путилково айылына жеткирген.

Теракттан кийин таксист жүргүнчүнү кол салгандардын бири деп тааныган. Кеп 25 жаштагы Фариддун Шамсутдин жөнүндө. Таксист террорчу делген адамды курткасынан таанып калган.

Ошондой эле такси айдоочу террорчу делген адам жолдо катар жакшы маанайда сүйлөп келгенин, Москвада курулушта иштеп жүргөнүн айтып бергенин кошумчалаган.

Буга чейин Москвадагы "Crocus City Hall" имаратына кол салуудан кийин кармалгандардын бири кол салуудан бир аз мурда концерт өтүүчү жайга баргандыгы кабарланган. Аны ошол жерге келгендерди сүрткө тартып жүргөн фотограф тартып алып, террактан кийин аны тааныган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан