Өлкөдө эл аралык театр күнү белгиленет

Өлкөдө 27-март эл аралык театр күнү белгиленет. Бул тууралуу бүгүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин буйругуна ылайык, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында эл аралык театр күнү белгиленет.
Ага ылайык, учурда Кинематография департаменти кыргыз театрларынын тарыхы жөнүндө даректүү тасма даярдоодо.
Мындан тышкары аймактардагы театр оюн-зоок мекемелери да бул күндү жаңы спектаклдерди коюу менен белгилешет.
Белгилей кетсек, акыркы жылдары мамлекет тарабынан театр тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, акча каражаты бөлүнүп, жаңы спектаклдердин саны көбөйүүдө. Атап айтсак, 2023-жылы жаңы 81 спектакль кыргыз сахналарына коюлуп, 2022-жылга салыштырмалуу 76,09 пайызга көп болду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан