Орусиянын Балдар акыйкатчысы Мария Львова-Белова Ислам Халилов менен Артем Донскойду теракт учурунда адамдарды сактап калгандыгы үчүн сыйлады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышууда.
Маалыматта сыйлоо аземи бүгүн, 25-мартта Красногорск шаарындагы №19 орто мектепте өткөндүгү айтылат.
Балдар акыйкатчысы теракт болгон күнү өспүрүмдөр комплекстин аймагындагы кийим илүүчү жайда иштеп жатышканын эске салды. Ошондой эле ал балдарга кайраттуулугу үчүн алкыш айтып, мектеп жааматы алар менен сыймыктана тургандыгын баса белгиледи.
Ал эми Ислам өзүнүн Инстаграм баракчасына: "Мени жана менин жанымдагы жолдошум Артём Донскойду сыйлады", - деп жазган.
Эске салсак, кыргызстандык өспүрүм Ислам Халилов “Крокустагы” кандуу окуяда 100дөн ашуун адамды куткарып калган.