"Мадина" базарынын ээси Турсунтай Салимов камактан бошотулду

"Мадина" базарынын ээси Турсунтай Салимов эч жакка чыкпоо тил каты менен абактан бошотулду. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Октябрь райондук соту 22-мартта УКМКнын тергөөчүсүнүн баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчүн канааттандырган.

"С.Т.га карата мурда тандалган баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, эч жакка кетпөө тил кат менен бошотулду" деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Турсунтай Салимов былтыр 8-октябрда кармалган. Ал маркум кримтөбөл Камчы Көлбаев менен байланыш түзүп алып, ишкерликтеги атаандаштарын коркутуп келген деп шектелүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан