Москвадагы "Крокус Сити Холл" борборунда кыргын уюштурган террорчулар борбордо жалпы 13 мүнөт жүрүшкөн. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкин Владимир Путин менен жолугушууда айтты.
Ал 22-мартта "Крокус Ситиге" Москва убактысы боюнча саат 19:54тө террорчулар келгенин билдирди. Бир нече мүнөттөн кийин, Москва убактысы боюнча 19:58де алар адамдарга ок чыгара башташкан.
"Алар көзүнө көрүнгөн бардык жарандарды аткылай берген", - деди Бастыркин.
Андан соң террорчулар желим бөтөлкөлөргө салынган бензинди колдонуп, имаратты өрттөп, саат 20:11де имараттан чыгып кетишкен. Бастыркиндин айтымында, алар унаа менен чыгып бара жатып катуу ылдамдыкта жөө жүргүнчүлөрдү, тагыраагы эки жаш баласы бар үй-бүлөнү сүзүп кетишкен.