Бүгүн, 26-мартта футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы кытайлык Тайбэй курамасына каршы беттешет.
Оюн Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков стадионунда өтөт. Бул оюн Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу раундунун 4-турунун алкагында өтөт. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталат.
Оюнда "Ак шумкарлар" ак түстөгү форма менен талаага чыгат.