"Крокустагы" терактка байланыштуу дагы үч адам камакка алынды

Москва шаарындагы "Крокус Сити Холлдогу" кандуу окуяга байланыштуу дагы үч адам камакка алынды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, Басман сотунун чечими боюнча Тажикстандын жараны, 62 жаштагы Исроил Исломов жана анын уулдары 33 жаштагы Аминчон менен 24 жаштагы Диловар 22-майга чейин камакта болушат.

Буга чейин террорчулар айдап качкан Рено унаасынын ээси катары Диловар Исломов деген киши катталганы кабарланган. Кийин ал машинасын бир жума мурда жубайынын бир тууганына сатканы, автоунааны теракт болгон жерден көрүп, полицияга өзү барганы кошумчаланган.

Соттук отурумда ал Тверь шаарында таксист болуп иштээри, аялы жана баласы бар экени белгилүү болду.

Агасы Аминчон жети баланын атасы. Ал мурда автобус айдап иштеп келгенин, кийин ден соолугуна байланыштуу бул жумуштан кеткенин сотто айтып берди.

Эске салсак, буга чейин теракт жасоого айыпталып тажикстандык төрт адам эки айга камакка алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан