УКМК Азим Ройдун жубайына дагы издөө жарыялады

Мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевдин өкүл атасы Азим Ройдун жубайына издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

"Көлбаев менен Азим Рой “L.А.” жана "R" ЖЧКсын негиздеп, Бишкек шаарынан жер тилке каттатып, ага кеңселери жана кампалары бар коммерциялык имарат курушкан. Ошол эле учурда Көлбаев жана Азим Рой өздөрүнүн иш жүзүндөгү ээликтерин жашыруу максатында аталган ишканалардын акцияларын жакын туугандарынын атына, анын ичинде Азим Ройдун жубайы – Н.З.Х.га катташкан.

Мындан тышкары, сатып алуу булактарынын мыйзамдуулугун берүү үчүн уюштуруу курамына чет өлкөлүк инвестор деген ат менен Азим Ройдун аффилирленген адамы, Литванын жараны К.Г. киргизилген", - деп билдиришти УКМКдан.

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө башка уюштуруучулар аталган кыймылсыз мүлк Азим Рой менен Камчы Көлбаевге таандык экендигин тастыкташкан.

20-мартта кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу/адалдоо фактысы боюнча Азим Ройдун жубайы Н.З.Х.га (сыртынан) айып тагылып издөөгө алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан