Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Баку шаарынан кармалып, Бишкекке жеткирилди. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Райымбек Матраимовго карата 169-берене (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берене (кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) белгилери боюнча кылмыш иши жүрүп жатат.
Учурда кылмыш ишинин материалдарынын алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.