Кыргызстанда алгачкы жолу 3 кылдуу кыл кыяк жасалды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов музыкалык аспаптарды оңдоо жана жөндөө боюнча адис Туратбек Акуновду кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалымдалгандай, Туратбек Акунов министр Алтынбек Максутовго өзү жасаган үч кылдуу кыл кыякты бет ачарын кылып, ал аспапта жаңы чыгарманы сунушташты.
Ага ылайык, министр өзгөчө өнөрдүн ээси Туратбек Акуновго ишмердүүлүгүндө алдыда кандай пландары болсо аны колдой турганын айтып, жаңы аспаптын добушу уккулуктуу жана жасалышы сапаттуу экенин кошумчалады.
Андан соң, министр Туратбек Акуновго “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин тапшырып, ишине ийгиликтерди каалады.
"Туратбек Акунов дээрлик 30 жылдан бери устачылык менен алектенгенин белгилейт. Алгач жыгачтан сувенир гана жасап жүрүп, кийин филармониянын эксперименталдык өнөрканасында музыкалык аспапты кызыгуу менен үйрөнүп, ошондон бери улантып жүрөт", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан