УКМК "Мадина" базарынын ээси Турсунтай Салимовдун уулун кармады

Бишкектеги "Мадина" базарынын ээси Турсунтай Салимовдун уулу уюшкан кылмыштуу топту каржылаганы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

"Мадина" соода борборунун негиздөөчүсү Салимовдун уулу С.И.Т. жана «Мадина» соода борборунун коопсуздук кызматынын башчысы С.К.А. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тактап айтканда, И.С., Камчы Көлбаевдин кылмыштуу ишмердигин жана кылмыштуу шериктештиктин курамындагы ишкерлерден опузалап акча каражаттарын алгандыгын билип туруп, кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо), анын ичинде Көлбаевдин кылмыштуу каражаттарын кыймылсыз мүлккө салуу боюнча аракеттерди жүргүзгөндүгү аныкталган.

Аны менен бирге «Мадина» соода комплексинин Коопсуздук кызматынын жетекчиси болуп турган К.С. да Көлбаевдин кылмыштуу ишмердүүлүгүн жана кылмыштуу чөйрөнүн курамында ишкерлерден опузалап, мыйзамсыз өндүрүп алуу жолу менен акча каражаттарын алганын билип туруп, Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен тил табышып, узак убакыт бою кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) боюнча иш-аракеттерди жүргүзүп келген.

УКМК шектүү катары кармалган К.С. 2020-жылы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышканын кошумчалады.

Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан