Ош шаарында көчөдө эле кетип бара жаткан кызды эч себепсиз сөккөн блогер 5 суткага камакка алынды. Бул тууралуу жактоочу Шердор Абдыкапаров билдирди.
Жактоочунун айтымында, кечээ, 27-мартта Ош шаардык соту блогерди 5 суткага камакка алуу чечимин чыгарган.
Эскерте кетсек, буга чейин блогердин видеосу менен социалдык тармактын колдонуучулары бөлүшүп, анын бул кадамына нааразы болушкан. Андан соң блогер кайрылуу жасап, элден кечирим сураган.