Москвадагы "Крокус Сити Холлдо" теракт уюштурууга шектүүлөр унааны 140 чакырым ылдамдыкта айдап, Украинаны көздөй качышкан. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Москва облусунун Наро-Фоминск районундагы Башкино айылынын аймагындагы М-3 шоссесинде жол камерасы тарабынан ак түстөгү Renault унаасы аныкталган.
"Террорчулардын унаасынын ылдамдыгы 22-мартта Москва убактысы боюнча саат 21:08де 141 км/саат болгон", - деп айтылат билдирүүдө.
Трассанын бул бөлүгүндө жеңил унаалар үчүн уруксат берилген ылдамдык 90 км/саат менен чектелген.
Ошондой эле террорчулар отурган делген ак түстөгү Renault унаасы Украина менен чек арага бараткан жолдо кеминде алты жолу жол эрежесин бузганы белгилүү болгон.