Милиция Бишкекте аялдаманы талкалаган жаран табылганын билдирди. Окуянын чоо-жайы

Бишкекте жаңы курулган аялдаманын айнегин сындырып кеткен жаран аныкталган. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-мартта саат 22:30дар чамасында милицияга Чүй менен Манас проспектилеринин кесилишинде жайгашкан аялдаманын айнегин мас абалындагы адам сындырып кеткендиги тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган факты боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Биринчи май РИИБнин тергөө-ыкчам тобу жөнөтүлүп, фактылар келип түшкөндөн кийин тастыкталган.

Бул фактынын негизинде 1984-жылы туулган П.Ш. аттуу жаран Биринчи май РИИБине алып келинип, сурак берген. Ал ошол күнү саат 22:30 чамасында жогорудагы аялдамадагы кабинага кирмекчи болуп эшигин ачканда, катуу күү менен урунуп, айнеги күүлүп калганын айткан.
Натыйжада эшиктин айнеги сынып кеткен.

Окуя тууралуу милицияга күбө болгон эки жигит маалымдаган.

Учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүүдө.

Буга чейин Бишкек мэриясы белгисиз адамдар заманбап аялдаманын эшигин күч менен ачышып, айнегин сындырып кетишкенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан