"Бейиш эненин таманында" аттуу кыргыз тасмасы 4 күндүн ичинде миллион доллардан ашык акча чогултуп, Казакстанда №1 болуп, Голливуд блокбастерлеринен озуп кетти. Бул тууралуу Казакстандын Ticketon билеттерин сатуу кызматы билдирди.
Режиссёр Руслан Акун тарткан “Бейиш эненин таманында” аттуу кыргыз тасмасы Казакстанда прокатка чыккандан кийин төрт күндүн ичинде (21-марттан 24-мартка чейин) 1 миллион доллардан ашык акча чогултту. Чет элдик тасмалардын кассадагы түшүүлөрүнөн алдыга чыкты десек да болот.
Тактап айтканда, Руслан Акундун тасмасы бардык Голливуд жана Казакстан тасмаларынан, анын ичинде "Кунг-фу Панда 4", "Дюна 2" жана Ghostbusters франшизасынан да алдыңкы орунда.
Ошондой эле аталган тасма Кыргызстанда да прокатка чыккандан бери алдыңкы орунду бербей келе жатат.