Чүйдө мечиттерден акча уурдоого шектелген жарандар кармалды

Чүй облусунда мечиттерден акча уурдоого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирмеге ылайык, облус аймагында март айында мечиттерден акча урдоо боюнча 6 факты катталган. Ысык-Ата районунда 3, Москва районунда 1, Чүй районунда 1, Токмок шаарында 1 факты.

Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин (уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон.

27-мартта жогорудагы кылмышка шектелип мурда соттолгон 28 жаштагы жана 24 жаштагы жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалгандардан уурдалган буюмдар далил зат катары алынды. Учурда шектүүлөрдүн башка кылмыштарга катыштыгы такталууда.

Тергөө иштери улантылып жатат..





30.03.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан