Ырчы Алмаз Шаадаев кырк жылкылуу болду. Кубанычтуу кабар менен ырчы мырза өзү Инстаграмдагы баракчасы аркылуу бөлүштү.
Белгилүү болгондой, анын жубайы Алина кечээ, 31-мартта көз жарган.
"Орозонун ыйык күнүндө Кудайым бизге кыз белек кылды. Кыздуу болдук",- деп жазды Шаадаев.
Эске салсак, ырчы былтыркы жылдын июнь айында сүйүктүүсүнө баш кошуп, борбор калаадагы ресторандардын биринде үлпөт тоюн өткөргөн.