"Көзүңө жаш айланат...". Бет капчан киши рак менен ооруган кызды дарылатууга акча, энесине үй берди (видео)

Социалдык тармактарда өзүнүн кайрымдуулук иштери менен таанымал болгон "Бет капчан киши" деген лакап ат менен белгилүү адам бул жолу казакстандык жалгыз бой энеге жардам берди.

Ал кезектеги каарманына үй тартуулаган видеону социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү. Анда 14 жылдан бери пол жууп иштеген, 3 баласы менен шарты жок батирде күн кечирген жалгыз бой аялды кубанычка бөлөгөнүн көрүүгө болот.

"14 жылдан бери пол жууп иштейм. Үйгө түнкү саат эки жарымда келем. Кызым рак менен ооруп жатат. Мээсинде шишик бар. Үйдө химиотерапия алууда. Чынын айтсам уйкум канбайт. Пол жууп жүрүп чарчадым, оор... Бирок ыйлаганымды кызыма көрсөтпөйм", - деген жалгыз бой эне.

Ошондой эле ал батирде жашай турганын, анда суу, газ, ажаткана дегендер жок экенин айткан.

Бет капчан киши аялга эки конверт берген. Анын биринде кызын Түркиядан дарылатууга акча, экинчисинде үйдүн ачкычы салынган. Жалгыз бой эне кубанычтан жетине албай ыйлаганын көрүүгө болот.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан