"Крокус Ситиде" теракт уюштурууга шектүүнүн аялы ооруканага түштү

Москванын четиндеги "Крокус Сити Холлдо" теракт жасаган деп айыпталган Далержон Мирзоевдин жубайы ооруканада жандандыруу бөлүмүнө түштү. Бул тууралуу РИА Новостиге айыпталуучунун коңшулары билдиришкен.

"Анын жубайы терактка шектелип жолдошу кармалганын уккандан кийин эсин жоготуп жыгылган", - деген кошуналарынын бири.

Ал аялдын абалы тууралуу башка маалымат берген эмес жана ошондон бери жандандыруу бөлүмүндө жатканын гана айткан.

22-мартта "Crocus City Hall" концерттик залында теракт болгон. Анда бир нече адам залга кирип келип, адамдарга ок чыгарган. Теракттан Орусиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Михаил Мурашконун акыркы маалыматы боюнча, 144 адам каза болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан