Казакстандын Актау шаарында өткөн NOMAD MMA боюнча аймактык чемпиондукта өспүрүм бала каза болду. Бул тууралуу казак басылмалары жазууда.
Маалыматка караганда, спортчунун каза болгонун Мангыстау облустук NOMAD MMA федерациясынын өкүлдөрү кабарлашкан.
"Мушташ учурунда 17 жаштагы спортчу жыгылып кеткен. Ошол учурда ага Батыр спорт комплексинин медицина кызматкерлери биринчи жардамын көрсөткөн. Окуя болгон жерге тез жардам кызматы дагы келген. Тилекке каршы жигитти өлүмдөн сактап кала алышкан эмес. Турнир башталар алдында машыктыруучу арызы боюнча катышуучунун мелдешке даярдыгын тастыктаган медициналык маалымкат тапшырган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Бийлик окуянын бардык жагдайларын иликтеп жатат. Каза болгон спортчунун жакындарына көңүл айтабыз" - деп билдиришкен федерациядан.
Ал эми беттеш учурунда баланын тепкиден улам кулап түшкөнү тартылган тасма менен казакстандык журналист Диас Нуракын бөлүшүп, окуя 31-мартта болгонун жазды.