Кыргыз-казак чек арасына жакын жерде жер титирөө катталды. Бул туурасында Сейсмология институтунун маалыматында айтылат.
Маалыматта жердин силкинүүсү кечээ, 1-апрелде болжол менен саат 12:14тө катталганы айтылат. Анын күчү очогунда 3,5 баллга жеткен.
Кыргызстандын калктуу конуштарында жер титирөө сезилген эмес.